Көк бөрү боюнча КРнын Президентинин кубогуна арналган беттештин финалында “Бөрүлү” жана “Талас” командалары ойнойт

Эгемендүүлүк күнүнө карата КРнын Президентинин кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалында “Талас” жана “Бөрүлү” командалары ойнойт. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Талас" жарым финалдык беттеште “Суусамыр” командасын 4:0 эсебинде утуп алды. Ал эми “Бөрүлү” финалдык жолдомо үчүн болгон беттеште “Кабылан” командасын утту (7:4 эсебинде).

Финалдык беттеш 31-августта “Аккула” ат майданында өтөт. Ошондой эле бул күнү жарым финалда утулган “Суусамыр” жана “Кабылан” командалары өз ара 3-орун үчүн беттеш өткөрүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sportsmen.boy
2014-08-30 19:25:22
Талас урат буйруса! Алга Талас!
+1
Alicia
2014-08-30 20:54:47
Saat kanchada bashtalat kim bilet? Ipodromdo bolso kerek?
0
shoma198003
2014-08-31 01:49:12
Урматуу супердин иштоочулору,сиздерден сураныч кок борунун финалын сразу киргисенер жакшы болот эле,анкени биз алыстабыз.чыдамсыздык м.н.кутобуз,алдын ала чон рахмат сиздерге!!!
+2
Dooron
2014-08-31 09:44:53
Супер-Инфо сиздерге сунуш!
Супер-Инфого КЫРГЫЗ ТВларын көргөзгөн бурч ачсаңыздар жакшы болмок. Чет жакта жүргөн мекендештерге өтө сонун ыңгайлуулук болмок. Рахмат...
+1
admin_media
2014-08-31 14:13:42
Dooron, shoma198003,
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарды эске алабыз, рахмат!
0
shoma198003
2014-09-01 09:30:27
саламатсыздабы супердин иштоочулору?кок борунун видеосун толугу менен киргизип койсонор абдан жашы болмок,алыстагы кыргыз мигрантары коргонг башка сайтардан такыр коро албдаык.сиздерге чон рахмат!ишинерге ийгилик!
0
admin_portal
2014-09-01 09:52:54
shoma198003, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан