Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалы болду. Анда “Талас” командасы “Бөрүлүнү” 6:2 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Андан тышкары бүгүн 3-орун үчүн “Суусамыр” жана “Кабылан” командалары беттешери күтүлүп жаткан, бирок “Кабылан” командасы аттары чарчаганына байланыштуу оюндан баш тартты. Натыйжада 3-орунду “Суусамыр” командасы ээледи.
Кошумчалай кетсек, 1-орунду ээлеген “Талас” командасы 1 миллион сомго ээ болду. 2-орунду ээлеген команда үчүн 500 миң сом каралса, 3-орун ээси “Суусамыр” 250 миң сом акчалай сыйлык алды. 4-орунду ээлеген “Кабыланга” 100 миң сом ыйгарылды.