Бильярд боюнча Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтынды украиналык Евгений Новосад тагынды

Кечээ, 31-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, финалдык беттеште украиналык спортчу Евгений Новосад орусиялык Никита Ливаданы утуп (6:3 эсебинде), мелдештин алтын медалын тагынды. 3-орунду дагы бир украиналык Ярослав Тарновецкий менен өзбекстандык Александр Сидоров ээледи. Кыргызстандык 12 спортчунун ичинен эң жогорку көрсөткүчтү Качкынбай Нурумбетов жаратып, 5-орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, 18 жаштан жогорку курактагы кий чеберлеринин арасында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 64 спортчу күч сынашышты. Ага үй ээси Кыргызстандан тышкары Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Сирия, Ооганстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Эстония, Чехия, Азербайжан, Беларусь, Болгария, Молдова, Өзбекстан, Иран, Кытай, Словакия, Украина, Латвия, Финляндия, Германия курамалары катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alga07
2014-09-01 10:11:09
Кыргызстандыктар алдынкы орундарды ээлебесе да, Ыссык Кол жергесинде чемпиондук отулушу кубандырат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан