Баткен облусундагы Кара-Бак айылынан согуштук граната табылды. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан бүгүн, 1-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Кара-Бак айылындагы турак үйлөрдүн биринин сарайынан РГД-5 гранатасы табылган. Буга байланыштуу атайын инженер-сапёрдук топ чакырылып, граната №30630-аскер бөлүгүнүн окуу борборуна жеткирилген. Кийин окуу борборунда граната жок кылынганы белгилүү болду.