Алай районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

22-январда саат 16:43дө Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу райондогу Сары-Таш айылынын 30 чакырым түштүк-батыш жагында, Ош шаарынын 115 чакырым түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Бор-Дөбө айылында 3 балл, Сары-Таш айылында 2 балл болгон. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан