29-августта Кантта футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен “Наше пиво” клубунун ортосунда жолдоштук беттеш болду. Беттештен кийин футболчулар Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаев шал өнөкөтүнөн жабыркаган 11 жаштагы Андрейге улуттук кураманын футболкасын белек кылышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курама командасы учурда 5-сентябрда Казакстан курамасы менен боло турган жолдоштук беттешке даярдык көрүп жатышат.