2014-жылкы жайкы трансфер соңуна чыкты. Акыркы маанилүү трансферлердин катарын англиялык футбол клубу “Манчестер Юнайтеддин” курамына голландиялык Дэйли Блинд менен колумбиялык Радамель Фалькаону кошулганы толуктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Голландиянын коргоочусу Дэйли Блинддин “Аякстан” аталган клубга канча суммага келгени боюнча азырынча так маалымат жок. Ал эми Колумбиянын чабуулчусу, акыркы сезондо франциялык “Монакодо” ойногон Радамель Фалькао клубга "ижарага" келди. 28 жаштагы Фалькао үчүн англиялык клуб “Монакого” жылына 15 миллион евро төлөйт.