Эл аралык футбол федерациясы: “Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылы Орусиядан башка мамлекетте өтүшү мүмкүн эмес”

Евросоюздун Орусияга каршы даярдап жаткан санкциялары экономика жана каржы жаатына эле эмес, маданият жана спорт тармагына да таасир тийгизиши мүмкүн экенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Андагы маалымат боюнча, Евросоюздун мүчө мамлекеттери Орусиянын ири маданий жана спорттук иш-чараларды өз үйүндө уюштуруу укугунан ажыратууну көздөшкөн.

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер бул сунуштун жөндүү эмес экенин айтып: “Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылы Орусияда өтөт. Аны башка мамлекетке которуу боюнча эч сөз козголбошу керек. Биз уюштуруучуларга ишеним артып жатабыз”,- деп кошумчалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
goodman02
2014-09-03 11:00:48
Блаттер моладец
0
kursantbek
2014-09-03 12:23:44
эркек экен )))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан