Кечээ, 2-сентябрда Бишкекте футбол боюнча улуттук курама команда менен олимпиадалык курамдын ортосунда жолдоштук беттеш болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, беттеш Футбол федерациясынын алдындагы Футбол борборунда өтүп, жеңишти 1:0 эсебинде улуттук курама команданын оюнчулары камсыздашты. Голду махачкалалык “Анжинин” курамында Орусиянын 1-лигасында ойногон Валерий Кичин (сүрөттө) 11 метрлик айып соккусунан киргизди.
Кошумчалай кетсек, бул беттеш 5-сентябрда Казакстан курамасы менен жолдоштук оюн ойной турган улуттук курама команданын даярдыгынын алкагында орун алды.