ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Кара-Суу районунун тургуну денесинен оор жаракат алып аймактык ооруканага келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 1992-жылы туулган жабырлануучуну күйөөсү кызганып бир канча жолу бычак менен сайганы белгилүү болгон.
Көрүлгөн ыкчам аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү делинип Өзгөн районунун 1983-жылы туулган И.А. аттуу тургуну кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркаган айым кылмышка шектүүнүн экинчи аялы болгон. Алар биринчи аялы менен бирге жашашчу.