Кечээ, 3-сентябрда Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Кыргызстандын кубогуна арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бильярд спортун чагылдырган эл аралык маалымат сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Эстония, Финляндия жана Германиядан келген 32 кий чебери катышты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчулар Ызатбек Ратбеков (сүрөттө) менен Камолиддин Есиддинов кез келди. Натыйжада Ы.Ратбеков атаандашын 6:5 эсебинде утуп, чемпион болду. Мелдештин коло медалдарын кыргызстандык Нурбек Эшбаев менен Зайлан Адамов багындырды.