Бүгүн, 5-сентябрда Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндары башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 14-ирет уюшулуп жаткан жыл сайын өтүүчү мелдештин алкагында спорттун 24 түрү боюнча жарыштар өткөрүлөт. Бүгүнкүгө стритбол, волейбол, гиря көтөрүү, кичи футбол, стол үстүндө ойнолуучу теннис, сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрү боюнча таймаштар пландалган. Оюндар 11-сентябрда жыйынтыкталат.