Англиялык футболдук клуб “Сток Ситинин” дарбазачысы Асмир Беговичтин өткөн жылы “Саутгемптондун” дарбазасына киргизген голу "Гиннесстин рекорддор китебине" расмий түрдө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал өз дарбазасында туруп каршы дарбазага гол киргизген. Бул аралык 91,9 метрди түзгөн. Кошумчалай кетсек, Англия Премьер-лигасында буга чейин дагы Петер Шмейхель, Брэд Фридель, Пол Робинсон жана Тим Ховард сыяктуу дарбазачылар гол киргизе алышкан.