Кечээ, 5-сентябрь күнү Астанада футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамы менен Казакстандын курамы достук беттешин өткөздү. Анда кыргызстандык футболчулар ири эсепте утулушту.
Алсак, казакстандык футболчулар алгачкы 45 мүнөттө жоопсуз 3 гол киргизишсе, экинчи 45 мүнөттө 4 гол киргизишти. Ал эми кыргызстандык футболчулар каршылаштарынын дарбазасына 1 гол киргизе алышты. Ошентип, Казакстандын курамы Кыргызстанды 7:1 эсебинде утуп алды.
Голдор: Хижниченко (29, 43-мүнөттөрдө), Нусербаев (36-мүнөттө), Исламхан (55-мүнөттө), Жолчиев (70-мүнөттө), Кайрат Жыргалбек уулу (72-мүнөттө), Конысбаев (81-мүнөттө), Нургалиев (87-мүнөттө).