Америкалык теннисчи Серена Уильямс теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири АКШнын Ачык биринчилигин утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады. Маалыматка ылайык, финалдык беттеште ал даниялык Каролин Возняцкинин үстүнөн жеңишке жетишти (6:3, 6:3). Кошумчалай кетсек, С.Уильямс АКШнын Ачык чемпиондугун ушуну менен алтынчы ирет утуп алды. 32 жаштагы теннисчи айымдын эсебинде Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде жалпысынан 18 чемпиондук наам бар. Бул жаатта 4 ири мелдеште 22 ирет жеңишке жетишкен Штеффи Граф менен 24 ирет жеңүүчү аталган Маргарет Корт рекорд жаратышкан.