Бүгүн Омар, Эрмек Нурбаев баштаган шоу-бизнес өкүлдөрү футбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы курамасын 7:6 эсебинде утуп алды (фоторепортаж)

Бүгүн, 8-сентябрда Бишкекте шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн курама команда менен кыз-келиндер арасында Кыргызстандын улуттук курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттеш өттү.

Анда 40 мүнөттөн эки тайм ойнолду. Оюн 16 жашка чейинки курактагы кыздар арасындагы Кыргызстандын курама командасынын Азия чемпиондугунун тандап алуу туруна даярдыгынын алкагында орун алды. Андыктан кыздардын курамында орун алмашуу адаттагыдай 3 гана ирет болду. Ал эми шоу-бизнес өкүлдөрүнүн курамындагы оюнчулар тез-тезден алмашууларга орун берип жатышты. 

Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн турган командада ырчылар Омар, Урмат Усенов, Ислам Акматов, рэп ырчысы Бегиш жана "Тамашоу" Лигасынын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев жана башка бир катар атактуулар майданга чыгышты. Албетте, кыздар футбол менен олуттуу алектенип келгенин эске алып, башта эл жеңишти кыздарга ыйгарып жатышкан. Бирок акыркы 2 жылдан бери мелдештерге байма-бай катышып келаткан шоу-бизнес өкүлдөрүнүн командасы оңой жоо болуп берген жок. 

"Чү" дегенде эле Омар эсепти ачып, маданият өкүлдөрүн алдыга алып чыкты. Ооба, биринчи таймда бул команда голдорунун санын арттыруунун гана үстүндө болду. Ал эми кыздардын оюну биринчи таймда машыктыруучунун кыялындагыдай болбой жатканын күйөрмандар көрүп турушту. Экинчи тайм да голго бай болду. Бул жолу кыздар курамасы күчкө келип, кезек-кезеги менен гол жаратууга үлгүрүштү. Оюн аяктаар маалда кыздарда эсепти теңеп, оюнду пенальтилер сериясына "өткөрүп кетүү" мүмкүнчүлүгү болду. Бирок кыздар пенальтиде таамай чыгып гол жарата алышкан жок. Ошентип, 7:6 эсебинде шоу-бизнес өкүлдөрү жеңишке жетишишти. 

Бул оюн колдоп келген элге көп голдун киргени менен жакты. Кыздардын дарбазасына 7 гол кирди. Ошентсе да мындай көп гол кыргыз кыздарынын дарбазасына кирбесин деген ойду ойлоп, эл футболдон тарап кетти. Эч болбосо кыздарыбыз жакшы жыйынтык көрсөтсүн. Болбосо, эркектер арасындагы улуттук курама командабыз Казакстанга 7:1 эсебинде утулганын азырынча эч ким унутууга бел байлай элек.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aksana1602
2014-09-08 21:02:17
жакшы оюн болуптур. . мындан да кызыктуу оюндарды кутобуз
0
ayakosya
2014-09-08 21:24:03
Бизди да айтып койбой беленер
0
meerim8793
2014-09-09 00:07:38
Кызарды утуп алып сүйүнбөй эле коюшсун,тем более 16 жашка чейинки жааш кыздар экен. А ырчылар болсо кааанча жылдан бери футбол ойношот.
+1
gastrol
2014-09-09 00:31:59
аявай сонун болуптур оюнунар
0
warrior96
2014-09-09 00:46:22
superFutbol bolobu byiyl
0
fanatkakg
2014-09-09 01:24:04
жаш кыздар екен
+1
narjan
2014-09-09 09:53:18
Килейген балдар кичинекей кыздар менен ойногону таң калдырды. Менимче кыздарга кыйын болсо керек, себеби балдар, анан калса ырчылар (жылдыздар).
0
goodman02
2014-09-09 10:10:39
Жоомарт Жолдошев да журобу
0
OTYPBARATYPELEEE
2014-09-09 13:08:09
Катыгууун! Женилип калып шерменде боло жаздашып кудай сактаган тура. :-)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан