Турсунбай Бакир уулу: “Ысык-Көлдө өткөн бильярд боюнча дүйнөлүк биринчиликте 9 дүйнө чемпиону катышса дагы, биздин бильярдчылар мыкты ойношту”

Бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында КРнын Бильярд боюнча федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу: “24-31-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн бильярддын кураштырма түрү боюнча Дүйнөлүк биринчиликке 26 мамлекет катышып, алардын ичинен 9 Дүйнө чемпиону болсо дагы, биздин бильярдчылар мыкты ойношту”,- деп билдирди.

Анын айтымында, 24-26-августта 18 жашка чейин бильярдчылар ойношсо, 27-31-август күндөрү 18 жаштан жогорку кий чеберлери күч сынашышты. “Биздин бильярдчылар жакшы ойношту десек болот. Эң жогорку жетишкен ийгилигибиз 5-орун болду. Аны Качкынбай Нурумбетов ээледи. Ал эми жалпысынан бул мелдешке 12 кыргызстандык спортчу катышкан”,- деди ал.

Айта кетсек, аталган мелдештин финалдык беттешинде украиналык спортчу Евгений Новосад орусиялык Никита Ливаданы утуп (6:3 эсебинде), мелдештин алтын медалын тагынган. 3-орунду дагы бир украиналык Ярослав Тарновецкий менен өзбекстандык Александр Сидоров ээлеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан