Машыктыруучу: "Кыргызстандык бильярдчылар Казакстанда жана Орусияда өтчү биринчиликтерге даярданышууда"

Бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында бильярд боюнча КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев: “Биздин кий чеберлерибиз 18-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында жана ноябрда Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтчү биринчиликтерге даярданышууда”,- деп билдирди.

Ал кечээ республика боюнча мелдеш аяктап, Казакстанда өтчү биринчиликке катыша турган спортчулар аныкталганын айтып: “Бул мелдешке өлкөбүздөн 5 бильярдчы барат. Алардан тышкары дагы 3 запастагы оюнчу тандалат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан