Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Ордо боюнча мелдеште үч өлкөдөн төрт команда ат салышат

Биринчи жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ордо боюнча мелдешке Кыргызстандан эки, Казакстан жана Тажикстандан бирден болуп, жалпысынан төрт команда катышат. 
Жүргүзүлгөн чүчү кулактын негизинде бүгүн Кыргызстан менен Тажикстан кез келип, 128:38 эсебинде Кыргызстан утуп алды. 
Эртең, 10-сентябрда Кыргызстандын дагы бир курамасы менен күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, оюндардын расмий ачылышы бүгүн, 9-сентябрда болот. Иш-чара 13-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында орун алат. Ал эми фестивалдын жабылуу аземи 14-сентябрга пландалган. Оюндан тышкары Кырчын жайлоосунда спорт түрлөрүнүн көргөзмөсү, улуттук ашкананы салыштырган Дасторкон фестивалы өткөрүлөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-Oligarh
2014-09-09 18:31:20
Биздин спортчуларга ийгилик.
+1
nurkasym-2014
2014-09-10 07:07:09
Чыныгы кыргыздардын оюуну болуп аткандан кийин,озубуздун олкодо болуп аткандан кийин албетте биздин спорттчулар эн коп байге алышы керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан