Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи орун алып жатат. Оюндар өтө турган ат майдандын жанындагы жол жээгинде унаа койчу жай толуп, атайын коноктор жана жергиликтүү тургундар чогулуп жатат. Ачылыш аземи 20:00гө белгиленип, ошол саатта башталды.
Ачылыш аземи ыр жана бий менен башталды. Алгач ырчы Гүлзада Рыскулова 200гө чукул бийчинин коштоосунда эл алдына чыкты. Бийчилер көчмөндөр сындуу жүрүш жасап келип, бий өнөрүн тартуулашты. Андан соң жаш ырчы Аяна Касымова сахнага чыгып, насаат ырын аткарып берди.