Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы уланып жаат. Ачылыш аземинин жүрүшүндө бийчи Атай Өмүрзаков эл алдына чыгып, өзүнүн стилиндеги бий өнөрүн көрсөттү. Андан соң 200гө чукул бийчи эл алдына чыгышты. Ошол эле учурда атчан өнөрпоздор от кармап, атты эл алдынан чаап өтүштү. Ал эми күйөрмандардын сүрөөнү бир саамга да тына турган эмес.