Бүгүн, 9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин жүрүшүндө салттуу парад орун алды. Анда мелдешке катышып жаткан 18 мамлекеттин өкүлдөрү эл алдынан басып өтүштү. Кыргызстандын желеги астында кыргыз спортчулары аянтка чыгышканда эл катуу сүрөөнгө алып, ар жерден кызыл желекти желбиретишти. Катышуучулардын соңунда аянтка өлкө башчысы
Алмазбек Атамбаев чыкты.
Жалпысынан мелдешке 18 команда катышат. Андан тышкары ондогон мамлекеттер көргөзмө оюндарга катышуу үчүн келишкен.