Бүгүн, 10-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө тогуз коргоол, ордо, көк бөрү, алыш күрөшү жана кыргыз күрөшү боюнча кармаштар орун алат. Бул күнү кыргыз күрөшү менен алыш күрөшү боюнча мелдеш жыйынтыкталарын уюштуруучулар кабарлашты.
Ошондой эле казак күрөшү боюнча мелдешке катыша турган спортчулардын салмагын өлчөө да ушул күнү өтөт.