Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргыз күрөшү боюнча кармашта Кыргызстан 5 медаль утту

Бүгүн, 10-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө кыргыз күрөшү боюнча кармаштар орун алды. 
Анда Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан, Монголия, Беларусь, Кыргызстан жана Орусиядан жалпы 86 спортчу катышып, жеңүүчүлөр аныкталды. Таймаштар 7 салмак категориясында өттү. 
55 килограммга чейинки салмакта Насипжан Сүйүнбеков (Кыргызстан) мекендеши Бекзат Тынчтыкбек уулун утуп, жеңүүчү аталды. 
Ал эми 60 килограмм салмакта Амангелди Сатыбалдиев (Казакстан) кыргызстандык Бектурсун Төлөш уулун жеңип, чемпион боло алды. 
66 килограмм салмакта Мирлан Эралдиев (Кыргызстан), 74 килограмм салмакта Дуулат Момбеков (Кыргызстан), 84 килограмм салмакта Нурбек Кожобеков (Кыргызстан), 96 килограммга чейинки салмакта Гылыж Жумаев (Түркмөнстан) жана 96 килограммдан жогору салмакта Бекболсун Кушубаков (Кыргызстан) жеңишти өңөрүп кетишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dadasdasd
2014-09-10 16:05:16
Алга Кыргызым!
0
Lintel
2014-09-10 16:06:46
Жакшы ийгиликтер менен башташыптыр АЛГА Кыргызстан
0
lampard8
2014-09-10 16:54:14
орустар кантип курошуп жатат? Хехе*
0
insap
2014-09-10 17:28:54
Жарайсыңар, мөрөйдүн көбүн колдон бербегиле Кыргыз боорлор!
0
nurkasym-2014
2014-09-10 18:42:17
Орустардын самбистери келсе керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан