Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча мелдеште Кыргызстан Ооганстанды 11:2 эсебинде утту

Бүгүн, 10-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчи күнүндө көк бөрү боюнча мелдеш орун алды. Анда Кыргызстандан чыккан команда ооганстандык кураманы 11:2 эсебинде утту. 
Оюнда кыргызстандык курама үстөмдүк кылып, оюндун аягына чейин мыкты оюн көрсөтө алды. Оогандык курам бир нече жолу курч чабуул жасады. 
Мындан сырткары бүгүн орун алган "А" тайпасындагы оюндарда Түркия менен Өзбекстан кез келип, 6:2 эсебинде Түркия жеңишке жетти. Жалпысынан көк бөрү боюнча мелдештерге 8 команда катышууда. Алар "А" жана "В" тайпасына бөлүнүштү. Ар бир тайпадагы жеңүүчүлөр финалда кез келишет. Кыргызстан уюштуруучу болгондуктан, өлкө атынан эки команда чыгат.

«А» тайпасында: Кыргызстан-2, Ооганстан, Өзбекстан, Түркия

«В» тайпасында: Монголия, Кыргызстан-1, Алтай Республикасы, Тажикстан

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gooool
2014-09-10 17:42:58
урааа....ураааааа...алга кыргыз!
0
insap
2014-09-10 17:46:21
Азаматсыңар, ушундай зор айрыма менен уткан команданын мындан аркы иштерине ийгилик!
0
mamashov-emil
2014-09-10 17:59:06
emnege kazakstan komandasy kelbegen kok boru boiuncha
0
tolkun85
2014-09-10 18:01:50
азаматсынар!!!
0
LEDI7MERI
2014-09-10 18:06:10
Алга!!! Кыргыз жигиттери.!!! Абдан сыймыктанып жатам.
0
Evrazia.
2014-09-10 18:24:53
Азаматсынар алга жигитер! Казактарды бир утуш керек эле келбей койгонго сезишип.
0
Danel
2014-09-10 18:26:10
Эмне Казактар жокбу??
0
jugorsk
2014-09-10 18:27:47
Danel, коркуп келбей койуптур уят болобуз деп
0
nurkasym-2014
2014-09-10 18:33:02
Казакстан келсе жакшы болмок.Кыргыздардан коркушту корунот. Анткени былтыр Казактар Астанадан Кыргыздарды аябай эле калыстыгы жок кучко салып атып утуп коюшкан.Ушунда келгенде Кыргыздар атасын таанытат эле да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан