Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчи командасы Монголияны 19:1 эсебинде утту

Бүгүн, 10-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында көк бөрү боюнча тайпалык оюндар өтүп жатат. Мелдешке үй ээси катары 2 команда катыштырып жаткан Кыргызстандын башкы курама командасы Монголия курамасын 19:1 эсебинде утуп алды. Оюн толук бойдон кыргызстандыктардын демилгеси астында өттү. Ат майданында оюндарга күбө болгон элдин саны ачылышка келген элден аз болууда. 

Тайпалык баскычта командалар төмөнкүдөй тартипте 2 тайпага жайгашып, кийинки баскычка чыгуу үчүн упай топтоп жатышат.

“А” тайпасы

Кыргызстан-2

Ооганстан

Өзбекстан

Түркия

“В” тайпасы

Монголия

Кыргызстан (башкы курам)

Алтай (Орусия)

Тажикстан

Көк бөрү боюнча 1-тур оюндарынын жыйынтыктары:

Өзбекстан – Түркия – 2:6

Кыргызстан - Ооганстан – 11:2

Монголия – Кыргызстан – 1:19

Алтай (Орусия) – Тажикстан - 1:0
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
KG-Oligarh
2014-09-10 19:07:13
Кичине фора берип койбопсуңарда аларды уят кылбай.Алга Кыргызстан.
+3
zarbalik
2014-09-10 19:11:44
Казактар келиш керек элэ. Кучсуз команданы утуп кыргыздарды судьянын жардамы мн женип.Же уялыышпайт.
+11
realliver
2014-09-10 19:17:17
Казактар коркуп келбей коюшту
+9
ayakosya
2014-09-10 20:22:55
Кыргыздар кокборудон зверь да
+1
Gensek
2014-09-10 21:17:41
бир суйунуп толкунданып жатам. кыргызстан алга!!!
0
misha00
2014-09-10 21:33:26
кыргыздар упайды алыптыр алтынды алыптыр судялар кыргыздарго дейм
-2
omurbek9393
2014-09-10 23:01:50
misha00, Женишке жетсе дагы балээ жетпей калса андан отуп балээ. Эмне алтынды,женишти судялар ме кыргыз сен ал биринчиликти деп жатыптырбы?. Бизде которулгонду кайра тушурмой адат озу. Жениш учун суйунуп койсон болотго тетирисинче женишке жеткенибизге шек санабай. Алга КЫРГЫЗСТАН!!!
+8
K.Batken
2014-09-10 23:23:46
omurbek9393, оа туура айтасын!биз баарибир кучтуубуз кок борудон!алга,КЫРГЫЗСТАН!
0
Dadasdasd
2014-09-10 23:06:10
Казактардын келбегени кайфты бузду да. Мага ошол эле кызык болчу.
+2
tursunmurat1991www
2014-09-11 08:29:43
Алга кыргыз Алга
0
admin_portal
2014-09-11 09:39:05
mirbakg, o.aza, sensei,
Саламатсыздарбы!
Катачылык кеткен, түзөтүлдү. Рахмат!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан