Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Командалык эсепте 25 медаль менен Кыргызстан биринчи орунга чыкты
9-14-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алууда. Мелдештердин экинчи күнүндө алыш күрөшү боюнча 6 комплект медаль ойнотулду. Анда 101 спортчу 6 салмак категориясы боюнча күрөшкө түшүштү. Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 6 күмүш, 3 коло медаль багындырышты.
Жалпы командалык эсепте Кыргызстандан чыккан эки команда 25 медаль менен биринчи орунга чыкты. Андан кийинки орунда 3 алтын, 2 күмүш медаль менен Түркмөнстан орун алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.