Бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча 2-тур оюндары орун алат. Анда Кыргызстандын экинчи курамы Өзбекстанга каршы ойномокчу. Биринчи курам болсо Тажикстанга каршы турат. Тайпалык баскычтын бул оюндары Чолпон-Атадагы ат майданында өтөт. Бүгүн жалпысынан төмөнкү 4 оюнду көрүүгө болот:
Кыргызстан-2 - Өзбекстан
Ооганстан – Түркия
Монголия - Алтай (Орусия)
Кыргызстан-1 – Тажикстан