Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстанды 11:0 эсебинде утту

Бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча 2-турдун оюндары орун алды. Анда Кыргызстандын экинчи курамы Өзбекстанга каршы ойноп, 11:0 эсебинде жеңип чыкты.
Оюндун башында эле кыргызстандык курам үстөмдүк кылып, бир ыкмада ойноп жатышты. Бир оюнчу өзүнүн тай казанынан алыс туруп, каршылашынын тай казанына чабуул жасайт. Бул учурда калган оюнчулар каршылаштарды тосуп турушту. Өзбек тараптын чабуул жасоого аракети жакшы жыйынтык алып келген жок.
Эми Ооганстан менен Түркиянын командалары кез келишет. Ошондой эле Монголия менен Алтай (Орусия) жана Кыргызстан-1 менен Тажикстан беттешет. 
Жалпысынан көк бөрү боюнча мелдештерге 8 команда катышууда. Алар "А" жана "В" тайпасына бөлүнүштү. Ар бир тайпадагы жеңүүчүлөр финалда кез келишет. Кыргызстан уюштуруучу болгондуктан, өлкө атынан эки команда чыгат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
mirbakg
2014-09-11 12:23:29
Азаматтар 11-0 настроениени которосунорда !!!!
+3
bossmos7
2014-09-11 12:24:48
Алга Кыргыз!
+1
tolkun85
2014-09-11 12:33:42
мэ- мэ сага))) алгаа Кыргызым!!!
0
Beka90
2014-09-11 12:39:40
11.00 деген чыныгы кыргыздын оюну да. Алга кыргыз алга!
+3
Dooron
2014-09-11 12:39:52
Казактар да ушундай болмок эле да.
+4
bossmos7
2014-09-11 12:42:47
Dooron, Жалган наамды Оздору ыйгарып алып отурат.Уйундо! Жигит болсо келер эле.Жигитче куч сынашканы.Уйдо эптеп баатыр ...................... жок!Болуптур!
+2
Kypkyrgyzz
2014-09-11 12:44:05
ХХХ жаман еле болушуптур да
+1
admin_portal
2014-09-11 13:05:20
Kypkyrgyzz - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
nookat
2014-09-11 12:52:34
Футболдон женилсек 4 0го зато кок борудон утубыз да
+1
mirbakg
2014-09-11 13:44:46
Админ казакстандын кокбору курама камандасы эмнеге катышкан жок себебин билбейсинерби ? Же казакстан Азия оюндарына катышпай элеби!?
0
admin_portal
2014-09-11 14:35:05
mirbakg, Саламатсызбы!
Ал боюнча төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/80637/
0
box
2014-09-11 14:24:21
Ат жалында КЫРГЫЗ гана алдырбайт. Алга !!!
+1
Lexus-2014
2014-09-11 14:49:44
Admin bylardyn videosyn kaydan koro alabyz supergeda 4ygaby >?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан