Кемин районунда өзүнөн төмөнкү класстагы окуучуларды коркутуп акча алып жүргөн 14 жаштагы мектеп окуучусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган балага мугалими жана ата-энеси менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, баланын апасына административдик протокол түзүлдү. Учурда мектеп окуучусу каттоого алынды. Эми жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектор айына бир жолу баланын үйүнө барып турат.