Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча тайпалык оюндарда Кыргызстандын башкы курамы Тажикстанды 19:1 эсебинде утту
Бүгүн, 11-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча 2-тур оюндары жыйынтыкталды. Анда жалпысынан 2 тайпада 4 оюн болду. "А" тайпасында Кыргызстандын экинчи курамы Өзбекстан курамасын 15:3 эсебинде утту. Ал эми Кыргызстандын башкы курама командасы "В" тайпасында Тажикстан менен кез келип, 19:1 эсебинде утту. Андан тышкары бул күнү Ооганстан менен Түркиянын беттешинде жеңишти 5:1 эсебинде түркиялыктар камсыздаса, Орусиядан келген Алтай курамасы Монголияны 11:3 эсебинде жер каратты.
Биздин жигитер мыктыго ат устундо. Финалда эки командабыз ойношу анык.
0
Maripa
2014-09-11 18:53:30
Кыргыздын мүнөзүнө төп келген оюндар боюнча биз эч кимди алдыга салбайбыз. Башка жака барганда арттан алгыда жыла албайбыз. "Даяр эмес элек" деп жер карап калышат. Азаматсынар!
0
nur82
2014-09-12 02:43:55
Какая боль,какая боль Кыргызстан-Тажикстан 19:1.Тажиктер не эшек менен чапканбы кок боруну.Азаматсынар Кыргыздар.
+1
daniyar.kg92
2014-09-12 09:24:22
Азаматсыңар биз башкалардын оюндарын билбейбиз да ошон үчүн. Жанагы Түлкү Турнаны когоко чакыргандай да
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.