Көчмөндөр оюндары: Ордо боюнча Кыргызстандын башкы курамы лидерлик сапка чыкты

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын алкагында өтүп жаткан ордо боюнча мелдеште Кыргызстандын башкы курамы лидерлик сапка чыкты. Бул курам Кыргызстандын экинчи командасын (23:97 эсебинде) жана Казакстанды утуп алды (125:16 эсебинде).

Кошумчалай кетсек, мелдеш айлампа системинде өтүп жатат. Мелдешке жалпысынан Кыргызстан-1, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан-2 курамалары катышууда.

Ордо боюнча биринчиликтин байге фонду 1 миллион 300 миң сомду түзөт. 1-орунду ээлеген команда 700 миң сом, 2-орун ээси 400 миң сом жана 3-орун ээси 200 миң сом алат. Финалдык оюндар 13-сентябрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан