Көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча жекеликте казакстандык спортчу 1-орунду ээледи

Бүгүн, 11-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн тогуз коргоол боюнча мелдештин жекеликтеги жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда казакстандык Нурбек Кабиев мүмкүн болгон 5 упайдан 4,5 упай алып, 1-орунду ээледи. 2-3-орундар кыргызстандык спортчулар Мирлан Кудайбергенов (4,5 упай) менен Анарбек Жамакеевге (4 упай) тийди. Мелдеш швейцариялык систем боюнча өтүп, 5 тур оюндары өткөрүлдү. Кошумчалай кетсек, тогуз коргоол боюнча мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Бул спорт түрү боюнча командалык эсептеги финалдык оюндардын жеңүүчүсү 13-сентябрда аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан