Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казак күрөшү боюнча кыргызстандыктардан Нурбек Кожобеков гана 1-орунду ээледи

Чолпон-Ата шаарында орун алган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 11-сентябрда өткөн казак күрөшү боюнча мелдештердин жыйынтыктары чыкты. 6 салмактык категорияда жүргүзүлгөн күрөштө кыргызстандык 7 спортчу 3-орунду ээлесе, 90 килограммга чейинки салмакта Нурбек Кожобеков 1-орунду ээледи. Ал эми казакстандыктардан 1-орунду - 5, 2-орунду - 5, 3-орунду 2 спортчу ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Казак күрөшү боюнча 50 килограммга чейинки салмактагылардын жеңүүчүлөрү:
1-орун – Алишер Мухамбетжанов (Казакстан)
2-орун – Актора Жайылбек (Казакстан)
3-орун – Заирбек Чолпонкулов (Кыргызстан)
3-орун - Нургазы уулу Саламат (Кыргызстан)
60 килограммга чейинки салмакта
1-орун – Куаным Искаков (Казакстан)
2-орун – Амангелди Сатыбалдиев (Казакстан)
3-орун – Санжар Осмоналиев (Кыргызстан)
3-орун – Нурлан Эралиев (Кыргызстан)
70 килограммга чейинки салмакта
1-орун – Аслан Тусипханов (Казакстан)
2-орун – Эрхваяр Ватхуяк (Монголия)
3-орун – Мирлан Эралиев (Кыргызстан)
3-орун – Эсенбек Кудайбердиев (Кыргызстан)
80 килограммга чейинки салмакта
1-орун – Алимжан Жумахметов (Казакстан)
2-орун – Алмат Тайбачаров (Казакстан)
3-орун – Мухамед Темиров (Түркмөнстан)
3-орун – Тэмуулен Саранхуу (Монголия)
90 килограммга чейинки салмакта
1-орун – Нурбек Кожобеков (Кыргызстан)
2-орун – Бекзат Ахметбеков (Казакстан)
3-орун – Тилек Куралов (Кыргызстан)
3-орун – Ерлан Конкиев (Казакстан)
90 килограммдан жогору салмакта
1-орун - Бейбет Ыстыбаев (Казакстан)
2-орун – Руслан Абдразаков (Казакстан)
3-орун – Марат Баймаханов (Казакстан)
3-орун – Сугаржаргал Болдпурев (Монголия)
Жалпы байге фонду - 1 000 000 сом
1-орун - 500 000 сом
2-орун - 300 000 сом
3-орун - 100 000 сом
3-орун - 100 000 сом
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bexa9595
2014-09-12 11:07:55
казак курош деген да барбы
0
Danel
2014-09-12 16:33:02
Казактар ушул куроштон эле алтынды жыйнап алыптыр!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан