Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча финалдык беттеш кыргызстандык командалардын ортосунда болот

Чолпон-Ата шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 12-сентябрда тайпадагы акыркы оюндар өтөт. Анда Кыргызстан-2 командасы менен Түркия, Алтай (Орусия) менен Кыргызстан-1 командалары беттешет. Андан тышкары Өзбекстан менен Ооганстан өз ара беттешсе, монголиялыктар Тажикстанга каршы турушат. Мелдештин жобосуна ылайык, 8 команда катышып жаткан мелдеште 2 тайпада күрөш жүрүүдө. Топтогон упайлардын негизинде тайпадан биринчи болуп чыккан эки команда финалда кез келет. Ал эми тайпада 2-орунду ээлеген командалар өз ара 3-орунду талашышат. Финалдык оюндар 14-сентябрда өтөт. Азырынча эки тайпада тең кыргызстандык командалар эч бир команданы алдыга салбай келүүдө. Демек, алтын менен күмүштү Кыргызстандын башкы курамы менен экинчи курам талашат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oneulutman
2014-09-12 11:55:08
А Бали!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан