Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстан-2 командасы Түркияны 15:4 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды

Ушул күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча тайпалык оюндар уланууда. Күндүн биринчи беттешинде Кыргызстан-2 менен Түркия кез келип, кызыктуу оюн көрсөтүп беришти. Анда кыргызстандык спортчулар беттештин жүрүшүн толук бойдон көзөмөлгө алып, 15:4 эсебинде жеңишти камсыздай алышты. Тайпада бардык оюндарды жеңип алган кыргызстандык команда эми финалга жолдомо алды. Финалдык беттеш 14-сентябрда орун алат. Кошумчалай кетсек, көк бөрүгө эл толо келди. Беттештин жүрүшүн элге актёр, ырчы Асылбек Өзүбеков баяндап берүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rayimbek
2014-09-12 11:59:52
Бети жоктор чек ара отун суу маселени карабай чардагыла.
-1
Taalai_kg
2014-09-12 21:04:05
райымбек сен озун бир нерсени ойлонуп анан жазып жатасынбы жаман коргондун оордуна суйунсончу кичинекей болсо да ушундай ойундарды уйуштуруп жатканына бул да болсо чон жетишкендик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан