Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Алыс аралыкка ат чабуу боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында алыс аралыкка ат чабуу боюнча (“Улуу Манас жолу” деген аталышта) мелдештин жыйынтыгы 11-сентябрда чыгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Көрсөтмө оюн катары уюшулган мелдеште катышуучулар 35, 60, 80, 120 чакырым аралыкка ат чабышты. 

35 чакырым аралыкка ат чабуунун жыйынтыгында:

1-орун – Приз (лакап аты). Бакыт Абакиров (чабандес), Тоң району, акчалай сыйлык - 25 миң сом;

2-орун – Либург. Жолдошбек уулу Кайрат, Токмок шаары, 15 миң сом;

3-орун – Разбор-риза. Бахтияр Асанбеков, Талас облусу, 10 миң сом. 

60 чакырым аралыкка ат чабуунун жыйынтыгында:

1-орун – Тору (лакап аты). Урмат Исакбеков (чабандес), Тоң району, акчалай сыйлык - 45 миң сом; 

2-орун – Тезис. Маннанбек уулу Равшанбек, Талас облусу, 35 миң сом;

3-орун – Арчатору. Эрлан Абакиров, Тоң району, 25 миң сом.

80 чакырым аралыкка ат чабуунун жыйынтыгында:

1-орун – Агат (лакап аты). Саламат Турганбаев, Түп району, акчалай сыйлык - 55 миң сом.

120 чакырым аралыкка ат чабуунун жыйынтыгында:

1-орун – Квадрацикл (лакап аты). Чыңгыз Туратбеков, Кочкор району, акчалай сыйлык - 70 миң сом;

2-орун – Орокбаш. Ракимбек уулу Адилет, Тоң району, 50 миң сом;

3-орун – Тумар. Эсен Кудайбергенов, Талас облусу, 30 миң сом. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан