Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан курама командасы командалык эсепте 34 медаль менен алдыда бара жатат. Кураманын эсебинде 10 алтын, 13 күмүш, 11 коло медаль бар. Кыргызстандыктар азырынча медалдарды күрөштүн түрлөрүнөн (алыш күрөшү, кыргыз күрөшү, казак күрөшү) багындырышты.
2-орунду азырынча карамагындагы 20 медаль менен (7 алтын, 7 күмүш, 6 коло) Казакстан ээлеп келүүдө. 3-орунду Түркмөнстан ээлеп турат (3 алтын медаль).