Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстан кез келет

Чолпон-Ата шаарында биринчи жолу өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары орун алууда. Анда тогуз коргоол боюнча мелдеште дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн оюнчулар катышып жатат. 
Кыз-келиндер арасында тогуз коргоол боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстан кез келет. Ал эми 3-орун үчүн Алтай менен Кыргызстандын экинчи курамасы күч сынашат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты жарыялады. 
Мелдештин жыйынтыгында 5-орунду Орусия, 6-орунду Швеция, 7-орунду АКШ, 8-орунду Өзбекстан, 9-орунду Германия жана акыркы орунду Монголия ээледи.
Тогуз коргоол боюнча мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Анын ичинен жекелик эсепте кыз-келиндер жана уландар арасындагы жеңүүчүлөргө 150 миң сомдон каралган. Калган 700 миң сом командалык эсеп боюнча берилет. 1-орунга 400 миң сом (кыз-келиндер жана уландар арасында 200 миң сомдон), 2-орунга 200 миң сом (100 миң сомдон) жана 3-орунга 100 миң сом (50 миң сомдон).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faha
2014-09-12 16:21:02
Baygeler azyraak eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан