Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Өзбекстандын курамасы Ооганстанды 8:1 эсебинде утту

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште Өзбекстандын курамасы Ооганстанды 8:1 эсебинде утту. 
"А" тайпасындагы биринчи оюнда Кыргызстан-2 менен Түркия кез келип, 15:4 эсебинде кыргызстандык курам жеңишти камсыздай алган. 
Ал эми "В" тайпасындагы биринчи оюнда Тажикстан Монголияны 16:2 эсеби менен утуп кетти. Эми бул тайпада Кыргызстан-1 менен Алтай Республикасы күч сынашат. 
Жалпысынан оюндарга 8 команда катышып жатат. Финалдык беттеш 14-сентябрь күнү орун алат. Эки тайпанын жеңүүчүлөрү финалга чыгышса, тайпаларда 2-орунду ээлегендер 3-орун үчүн ат салышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты жарыялады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
021279
2014-09-12 16:53:33
Админ, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтын жазып коесуздарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан