Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын эки курамасы ордо оюнунда алдынкы орундарды ээледи

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн ордо боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан чыккан эки курама команда алдынкы байгелүү орундарды ээледи. Кыргызстандын башкы курамы анда 6 упай топтоо менен 1-орунду ээлесе, 2-орунду ээлеген Кыргызстандын экинчи курамасы 4 упай топтоду. Ал эми Тажикстан курамасы 3-орунду багынтса, мелдешке катышкан 4 курамдын бири Казакстан байгеге илинбей калды.
Кошумчалай кетсек, ордо оюнунун байге фонду 1 миллион 300 миң сомду түзөт. 1-орунду ээолеген командага 700 миң сом каралса, 2-орунга 400 миң сом, 3-орун ээсине 200 миң сом ыйгарылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
insap
2014-09-13 22:51:22
Азаматтар! Ордо ойуну Кыргыздын өзүндүк ерекчеликке ее салттык ойун түрү болгон соң, бөтөн улуттар Кыргыз ойунчулар алдында тушоо чече албай калган тура. Уландуу алга!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан