Бүгүн, 13-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анда 80 килограмм салмакта жана андан жогорку салмактагы балбандар эңишке түшүштү. Айыгышкан жарышта эки тараптуу урушуулар жана калыска нааразычылыктар орун алып жатты. Мелдештин жарым финалына чыккандардын басымдуу бөлүгү кыргыз жана казак балбандары болду. Жыйынтыгында жогоруда аталган эки салмакта тең кыргызстандыктар жеңишке жетишишти. Байге ээлери:
80 килограмм салмакта:
1-орун. Руслан Карагулов (Кыргызстан)
2-орун. Муратбек Алтымышев (Кыргызстан)
3-орун. Туймабек Жумалиев (Казакстан)
80 килограммдан жогорку салмакта:
1-орун. Нурлан Молдокулов (Кыргызстан)
2-орун. Күмүшбек Кыдыралиев (Кыргызстан)
3-орун. Марат Нуртейишов (Казакстан)
Кошумчалай кетсек, мелдешке жалпысынан Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Өзбекстан, Монголия жана Кыргызстан курамаларынын балбандары катышты.