Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алтай Республикасынын командасы 3-орун үчүн болгон беттеште кечээ, 13-сентябрда Түркия курамасын утуп, 3-орунду ээледи. Оюнда алтайлыктар активдүүлүгүн көрсөтүп, 4:0 эсебинде жеңишти камсыздашты.
Кошумчалай кетсек, көк бөрү боюнча финалдык оюн бүгүн, 14-сентябрда Кыргызстандын башкы курамы менен экинчи курамынын ортосунда болот.