Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргызстандын башкы курамы өлкөнүн экинчи курамын утуп, чемпион аталды

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыкталчу күнү көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Финалдык беттеште Кыргызстандын биринчи улуттук курамасы менен Кыргызстандын экинчи курамасы кез келди. Алтын жана күмүш медаль кыргызстандыктардын колунда калары күн мурунтан эле белгилүү болгон. Ошого карабай оюн курч мүнөздө өттү. Оюндун негизги убактысында 15 мүнөттөн 3 бөлүк ойнолуп, 2:2 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Мелдештин жобосуна ылайык, кошумча 10 мүнөт убакыт берилди. Натыйжада Кыргызстандын башкы курамы кошумча убакытта 2 улак салса, экинчи курам 1 гана улак сала алды. Ошентип, Кыргызстандын башкы курамы көк бөрү боюнча мелдештин чемпиону аталды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patrik
2014-09-14 12:44:02
Жесть оюн болду го чиркин!
+1
zarbalik
2014-09-14 20:00:36
Супер инфо видеосун жуктойсуздорб?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан