Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кунан чабышта алдынкы эки орунду казакстандыктар утуп кетишти

Бүгүн, 14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кунан чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Анда жалпысынан Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан мамлекеттеринен 34 кунан чабылды. Жыйынтыгында алдынкы эки орунду казакстандыктар илип кетишти. Кыргызстандын атынан чабылган бир гана кунан байгелүү орунга илинди. 3 жашар жылкы тукумдарынын жарышына 1 миллион сом өлчөмүндөгү байге фонду каралган. 
Жеңүүчүлөр: 
1-орун. Атилла аттуу кунан (Казакстан) 500 миң сом байге алды.
2-орун. Титан (Казакстан) – 250 миң сом
3-орун. Алмазная (Кыргызстан) – 100 миң сом

4-орун. Басша (Казакстан) – 70 миң сом

5-орун. Акмарал (Кыргызстан) – 50 миң сом

6-орун. Карлыгач (Кыргызстан) – 30 миң сом

7-орун. Герцог (Кыргызстан) – 19 миң сом

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан