Бүгүн, 14-сентябрда Чолпон-Атадагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жорго салыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Анда Кыргызстандан жана Казакстандан жалпысынан 26 жорго байге талашты. Жыйынтыгында алдынкы 7 байгелүү орунду кыргызстандыктар ээлешти. Кошумчалай кетсек, жорго салыштын байге фонду 1 миллион 400 миң сомду түздү.
Жорго салыш боюнча байге ээлери:
1-орун. Барон (Кыргызстан) – 800 миң сом
2-орун. Ганг (Кыргызстан) – 300 миң сом
3-орун. Вулкан (Кыргызстан) – 100 миң сом
4-орун. Космос (Кыргызстан) – 60 миң сом
5-орун. Чагылган (Кыргызстан) – 40 миң сом
6-орун. Альянс (Кыргызстан) – 20 миң сом
7-орун. Парнас (Кыргызстан) – 10 миң сом