Бүгүн, 15-сентябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Кореянын Инчхон шаарында 17-ирет уюшула турган Азия оюндарына аттанчу Кыргызстан курамасынын мүчөлөрү менен жолукту. Анда Ж.Оторбаев Кыргызстан курамасынын капитаны Жанарбек Кенжеевге өлкөнүн желегин расмий түрдө тапшырды.
“Мен улуттук курама команданын атынан мамлекетке рахмат айтам. Биз сиздердин ишеничти актоо үчүн колубуздан келген аракетти көрөбүз”,- деди спортчу өз кезегинде.