Азия оюндарында алтын алган спортчуга 1 миллион 250 миң сом каралды

Азия оюндарында алтын медаль алган спортчуга мамлекет тарабынан сыйлык катары 1 миллион 250 миң сом каралды. Ал эми күмүш медаль ээси 750 миң сом менен сыйланса, коло медалга ээ болгон спортчу 500 миң сом алат. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда “Ала-Арча” резиденциясында спортчулар менен жолугуп жатканда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кабарлады.

Ал кошумчалагандай, машыктыруучулар болсо спортчуга ыйгарылган сумманын 20 пайызына туура келген акча каражаты менен сыйланышат. “Эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстан Азия оюндарында 40тан ашык медаль алды. Бөлө келгенде ар жолкусунда биздин спортчулар сегизден медаль алышкан. Бул орто көрсөткүч. Буюрса, бул жолу жыйынтык мындан да жакшы болот”,- деди Ж.Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ulukbek_mirza
2014-09-15 19:13:37
э тообо.туф туф коз тийбесин.
+2
talant87
2014-09-16 09:27:30
Ulukbek_mirza, аны тринери алат анын акысы барда
-1
Zarema94
2014-09-15 20:12:04
Женишке жетип, жузунуздор жарык болуп келсениздер экен!
+3
ulaAjidar
2014-09-16 01:36:58
Эн жакшы,колдогонунар учун рахмат..
0
mamashov-emil
2014-09-16 02:43:37
en sonun ar bir sportsmenge jakshi shart tuzup motivasia bergende dagy sportspende oto chon umut paida bolot super info bilbeisinerbi bul oiundu kyrgyz telekompanialardyn biroosu tuz alyp korsotobu?
0
admin_portal
2014-09-16 09:48:13
mamashov-emil, Саламатсызбы!
Ал боюнча азырынча маалыматыбыз жок.
0
Specsgruppa_NSS
2014-09-16 12:09:06
нтс каналы туз алып корсотот
0
mamashov-emil
2014-09-16 19:49:22
Specsgruppa_NSS, rahmat choon
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан