19-сентябрда АКШда жашап, машыгып жүргөн кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев 70 килограмм салмактык бөлүктө профессионалдар арасында кезектеги беттешин өткөрөт. Бул тууралуу мушкердин менеджери Жаныш Осмон билдирди.
Анын айтымында, Урматтын бул жолку атаандашы Малик Базил аттуу мушкер болот. Лос-Анжелес шаарында өтө турган беттеш 6 раундга туураланган.
Кошумчалай кетсек, Урмат профессионалдык рингде 3 беттеш өткөрүп, экөөнү уткан. Бир ирет тең чыгуу катталган.