Эрежесиз эр уруш боюнча кыргыз спортчулары Дүйнө чемпиондугунда 2 коло медаль утушту

12-сентябрда Минск шаарында (Беларусь) жыйынтыкталган эрежесиз эр уруш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулары 2 коло медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө улуттук курамдын машыктыруучусу Улук Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, 77 килограмм салмакта Кайназар уулу Бекназар 3-орунду ээлесе, дагы бир колону Адилет Таалайбеков 65 килограмм салмактык бөлүктө багындырды.

Кошумчалай кетсек, мелдеш Эрежесиз уруштардын эл аралык уюмунун демилгеси менен уюшулган. Мелдештин жүрүшүнө белгилүү орусиялык спортчу Фёдор Емельяненко да көз салып турду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ai_temir
2014-09-16 11:42:28
Сонун сонун сонун ушулар менен сыймыктаналы акыл менен кучту айкалыштыргандар ураааааааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан